Редакцияот 30.03.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы

 

2012-жылдын 30-марты №9

Жалал-Абад шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык маршруттук автобусттардын жана жеке менчик микроавтобустардын жол кире акысын жогорулатуу жөнүндө

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын келип түшкөн 31.01.2012-жылдагы №02 жана 21.12.2011жылдагы №53 сандуу каттарды Жалал-Абад шаардык кеңешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып 2012-жылдын 20-январындагы чечимин эске алып, Жалал-Абад  шаардык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жалал-Абад шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасынын, Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуучу агентиктин катынын, Мамлекеттик антимонополияны жөнгө салуу башкармалыгынын сунушу менен жол кире каттамы Муниципалдык автобазанын жол кире акысы 6 (алты) сомго жана жеке менчик микроавтобустардын жол кире акысы 8 (сегиз) сомго көтөрүлсүн.

2.    Муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасынын, жеке менчик микроавтобустардын жол кире каттамдарына тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Жалал-Абад шаардык кеңешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына

(Т. Эгембердиев) милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен мамлекеттик реестирге киргизүү жагы Жалал-Абад шаардык кенештин жооптуу катчысы Г. Мамашовага милдеттендирилсин  

5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан жарыяланган күндөн тартып юридикалык күчүнө кирет.

 

Төрага

Н. Эрматов