Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-майы № 14
Жекенди айылдык округунун аймагындагы атуулдарды жайлоого көчүрүү жөнүндө.
Жекенди айылдык округунун аймагындагы атуулдарды жайлоого көчүрүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык округунун аймагындагы атуулдарды жайлоого көчүрүү айылдык округу тарабынан 25.05.2013-жылга акыркы мөөнөт болуп белгиленсин.
2. Белгиленген мөөнөттө жайлоого көчпөгөн атуулдарга эскертүү берилип андан кийин төмөнкүдөй өлчөмдө жазана салынсын.
А). Малын кармап көчпөгөн үй-бүлөгө 1000 сом
Б) Кара малга 100 сом, майда малга 100 сом, Төөгө 1500 сом, эшекке 500 сом
3. Салынган жазананы өндүрүү жагы айылдык округуна жана айылдык ПОМуна (С.Бакиров) тапшырылсын.
4. Өндүрүлгөн жазана айылдык округунун бухгалтериясынын атайын эсебине төгүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
Жекенди айылдык Кеңешинин төрагасы:
| И.Султанов
|