Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-майы №15
Жекенди, Чулук айылындагы таза сууну кароо үчүн кароол бекитүү жөнүндө.
Жекенди, Чулук айылындагы таза сууну кароо үчүн кароол бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Жекенди айылдык кеёеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди, Чулук айылындагы таза суунун колонкаларын кароо үчүн атайын бир штаты жамааттын эсебинен чечиб берүү жагы сунушталсын.
2. Таза сууну пайдалангандыгы үчүн элдик жыйындын № 1 токтомунунун негизинде ар бир айга 25 (жыйырма беш) сомдон (ар бир түтүнгө) акча каражаты бекитилип берилсин.
3. Таза суу үчүн акча каражатын өндүрүп берүү жагы ар бир айылдын айыл башычысына жана ар бир айылдык салык инспекторуна милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоп туруу жагы Жекенди, Чулук айылынын депутаттарына тапшырылсын.
Жекенди айылдык Кеңешинин төрагасы:
| И.Султанов
|