Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-майы № 16
Айылдык округунун аймагындагы жайыт жерди трансформациялоо жөнүндө
Айылдык округунун аймагындагы жайыт жерди трансформациялоо жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык округуна караштуу Кароол-Дөбө участкасындагы 0.30 га жайыт жерин башка категорияга которуу жөнүндөгү мыйзамдын негизинде башка категорияга которулсун.
2. Которулган жерди айылдык округу максаттуу турдө (туракжай эмес) пайдалансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
Жекенди айылдык Кеңешинин төрагасы:
| И.Султанов
|