Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-майы № 17
ДЭП 16га карьер үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
ДЭП 16га карьер үчүн жер бөлүп берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жекенди айылдык округуна караштуу Уюлма участкасынын жолунун боюнан дамба үчүн таш алууга таштуу жерден 0.50 га, Ийри-Жар участкасынан шагыл алуу үчүн 0.30 га жана Шоро участкасынан 0.10 га жер убактылуу бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун документтерин бүткөрүү жагы Жекенди айылдык округунун жер адиси А.Козубаевге, М.Ташматов тапшырылсын.
3. Тиешелүү юридикалык документтерин бүткөрүп берүү жагы Чоң-Алай райондук жерди каттоо бөлүмүнөн суралсын.
Жекенди айылдык Кеңешинин Төрагасы:
| И.Султанов
|