Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талды-суу айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 17-февралы № 18/5
Ош облусунун Алай районуна караштуу Талды-Суу айылдык Кеңеши мекемесин мамлекеттик каттоо жөнүндө
2011-жылдын 15-июлундагы №101 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамынын 11-беренесине ылайык
Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Юридикалык жак катары түзүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын:
Толук аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Талды-Суу айылдык кеңеши” мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение “Талды-Суу айылный кеңеш”.
Кыскартылган аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Талды-Суу айылдык кеңеши”М-и.
Расмий тилде: У-е “ Талды-Сууский айылный кеңеш”.
2.”Талды-Суу айылдык кеңеши” мекемесинин уставы бекитилсин.
3.” Талды-Суу айылдык кеңеши” мекемесинин аткаруучу органынын төрагасы болуп
Абдраманов Бекташ Карыбекович дайындалсын.
4.”Талды-Суу айылдык кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги (жайгашкан жери) Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Алай району, Талды-Суу айыл өкмөтү, Талды-Суу айылы.
5.”Талды-Суу айылдык кеңеши” мекемеси юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан өткөрүлсүн жана каттоодон өткөзүү жагы бирикменин төрагасы Абдраманов Бекташ Карыбековичге жүктөлсүн.
6.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик катоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтар анык, мамлекеттик каттоо учурунда уставдык капиталды (пайлык фондду) төлөө тартиби сакталган жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган.
Талды-Суу айылдык кеңешинин төрагасы | Б. Абдраманов. |