Редакцияот 16.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Талды-суу айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XX сессиясы

 

 2015-жылдын 16-апрели № 20/1

 Талды-Суу айыл өкмөтүндө АРИС эл аралык уюму менен ПСИ-3 долбоору боюнча иш алып баруу үчүн конкурстук комиссия түзүү жөнүндө

Талды-Суу айыл өкмөтүндө АРИС эл аралык уюму менен ПСИ-3 долбооруна проект жазып иш алып баруу максатында Талды-Суу айыл өкмөтү И.Жумаевдин 2015-жылдын 13-апрелиндеги №47 буйругунун негизинде түзүлгөн конкурстук комиссиянын чечимине таянып жана айылдагы негизги көйгөйлүү маселелерди карап чыгып жана талкуулап Талды-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. АРИС эл аралык уюму менен ПСИ-3 долбооруна проекти жазып иш жүргүзүү үчүн аныктаган конкурстук комиссиянын чечими айылдык кеңеш тарабынан жактырылсын жана айылга спорт комплекс курууга долбоор даярдап иштетүүгө макулдук берилсин.

 2. АРИС уюму менен иштөөдө коомчулук тарабынан чогултулуучу 3,75% салымды жамааттардан жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча кирешелерден топтолсун.

 3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жеке өзүмө калтырамын.

 

Талды-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы

Б. Абдраманов.