Редакцияот 22.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Талды-суу айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XX сессиясы

 

 2015-жылдын 22-майы № 21/1

 

Айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасын өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабрындагы №182 мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337 беренесинин 6-бөлүмчөсүнө өзгөртүү киргизилип, айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эске алуу менен базалык ставкасын 3 эсеге көтөрүү жөнүндө МСКнын Алай райондук боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын 20-мартындагы №14-05-10/151 катын Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-майындагы №06 элдик жыйындын протоколун талкуулап Талды-Суу айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талды-Суу айыл өкмөтүнүндөгү айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасы 1,5 эсеге көбөйтүлсүн (тиркеме тиркелет).

2. Талды-Суу айыл өкмөтүнүндөгү айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасы 1,5 эсеге көбөйтүлгөндүгүн эсептеп чыгарып, элге маалым болуш максатында маалымат тактасына илүү жагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн салык инспектору Д.Кеңешовго жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Суу айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына жана Талды-Суу айыл өкмөтүнүн КҮБ башчысы А.Эргешовго милдеттендирилсин. 

 

Талды-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы

Б. Абдраманов.