Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VII сессиясы
2013-жылдын 30-сентябры № 7/32
Кош-Дөбө айыл аймагынын аппарат кызматкерлеринин
01.08.2013-жылга карата штат бирдигин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө 28.06.2013-жылдагы №384 токтому жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-авгусундагы № 451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунуну аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 08.07.2013-жылдагы №403 токтомунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын 01.08.2013-жылдагы аппарат кызматкерлеринин штат бирдиги бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-авгусундагы № 451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунуну аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 08.07.2013-жылдагы № 403 токтомунун 1- жылдызчанын негизинде зарылчылыкка жараша Кош-Дөбө айыл аймагынын бош вакант аскерге милдетүүлөр боюнча инспектор кызмат ордуна экономист статист кызматы киргизилип берилсин.
3. Бул токтом Мамлекеттик нормативдик укуктук актыга киргизүү жана катоого алууга Нарын облустук адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн. 4. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлгө алуу жагы ФЭБнүн башчысы С.Капаровго жүктөлсүн.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |