Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII сессиясы
2013-жылдын 19-ноябры № 8/35
Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана мектептерде алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу, мугалимдердин иш аракеттери жөнүндө
Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана мектептерде алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу, мугалимдердин иш аракеттери жөнүндө социалдык маселелер, электр энергия, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Айталиев Бактыбектин маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Кош- Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана мектептерде алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу, мугалимдердин иш аракеттери жөнүндө Аблес уулу Алайдар жана Орозбак уулу Сагымбай атындагы орто мектептеринде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу социалдык маселелер, электр энергия, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Айталиев Бактыбектин маалыматы жактырылсын.
2. Татыктуу билим берүүнү уюштуруу, мектептердеги окуу тарбия иштерине учурдун талабына ылайык көзөмөл жасоо – негизги максат болгондуктан баардык күч аракетти жумшоо жагы ар бир мугалимдин милдети болуп саналсын.
3. Учурдун талабына ылайык мектептерде техникалык каражаттар, компьютердик класстар менен толук жабдып, Интернет дүйнөлүк маалымат түйүнүнө кошуп, окуучулар жана мугалимдерге билимдерин тереңдетүүдө жакшы шарттарды түзүү пландаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзмөлгө алуу жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын өкмөт башчысы Т. Абыкеевге милдеттендирилсин.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |