Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII сессиясы
2013-жылдын 19-ноябры № 8/36
2013-2014-жылдардын күзгү-кышкы мезгилдеринде
калкты кышка карата отун, көмүр менен камсыз болушу тууралуу
2013-2014-жылдардын күзгү-кышкы мезгилдерине даярдыктарды көрүү жана аны ийгиликтүү өткөрүү боюнча Т. Абыкеевдин маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Кош- Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын 2013-2014-жылдардын күзгү-кышкы мезгилдерине даярдыктарды көрүү жана аны ийгиликтүү өткөрүүгө карата жасалып жаткан аракеттер тууралуу маалыматы эске алынсын.
2. 2013-2014-жылдардын күзгү-кышкы мезгилдерине карата айыл аймагынын экономика тармагын жана калкын даярдоо максатында түзүлгөн штабдын курамы иштиктүү иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Айыл аймагындагы калктын көмүр отунга болгон керектөөсүнүн так эсебин алып, сыйымдуулугун 30 тоннадан кем эмес элге сатылуучу көмүр кампаларын уюштуруу, алардын кышка карата көмүр, жыгач отун менен толук камсыз болуусун уюштуруу, социалдык маданий имараттардын жылытылышын камсыз кылуу жана электр энергиясына көмүр отунуна өткөрүүгө аракет жасоо, көмүр отун менен жылытылуучу мектептерди биринчи кезекте камсыз кылуу, пайдаланылган электр энергиясы боюнча элдин дебитордук карыздарын азайтуунун кечиктирилгис чаралары көрүү жагы айыл аймагынын өкмөт башчысы Т.Абыкеевге жана ФЭБнүн башчысы С.Капаровго тапшырылсын.
4. А.Аблесов атындагы, С.Орозбаков атындагы орто мектептерге электр энергия боюнча энерго паспортун алып берүү, А.Аблесов орто мектебинин трансформаторун кимдин балансында экендигин аныктап, ремонттон өткөрүп берүү жагы айыл аймагынын өкмөт башчысы Т.Абыкеевге жана ФЭБнүн башчысы С.Капаровго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын жооптуу катчысы А.Сыдыкбековага милдеттендирилсин.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |