Загрузка документа…
ЖАЛАЛ АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 23 майы №2
Жалал-Абад шаарындагы жаңы көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Усеновдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы жаңы көчөлөрдүн бирине Жалал-Абад Революциалык комитетинин 1-төрагасы көрунүктүү коомдук ишмер, Махмуд Ботбаевдин ысымы ыйгарылсын.
2. Жалал-Абад шаардык архитектура бөлүмүнө шаардагы аты жок көчөлөрдүн тизмесин аныктап берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Жаңы көчөгө аншлагдарды даярдоо жана илүү турак жай коммуналдык чарба департаментине (А.Нуркулов) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (К.Усенов) жүктөлсүн .
5. Токтом массалык маалымат каражттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М.Тагаев |