Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII сессиясы
2013-жылдын 19-ноябры № 8/39
Кош-Дөбө айыл аймагында 2013-жылдын 10-13-августка чейин тынымсыз жааган жаандын кесепетинен сел алып кеткен айдоо аянттарды жана менчик огороддорду салыктан жеңилдик берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагында 2013-жылдын 10-13-августа тынымсыз жааган жаандын кесепетинен Кара-Күңгөй айылындагы коктулардан агылып түшкөн селдин кесепетинен Кара-Күңгөй БСРи жараксыз абалга келген. Бул сен айылдагы айдоо аянттарындагы 14 суу бөлүштүрүүчү тосмолорду,10 кичине жана 3 чоң көпүрөлөрдү, арыктарды 3 ноону, 55 кешкаларды зыянга учураткан. Бир канча гектар айдоо аянттарына суу барууга болбой, сугаттан өксүгөн. Кийинки жылга 74,4 га айдоо аянтка жана менчик10,42 га огородко суу жетпей турган коркунучунда турат. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагында 2014-жылдын жазына алдын-ала даярдануу таш кум чайкап кеткен участкаларды тазалоо иштерин жүргүзүүнү уюштуруу жагы айыл башчы К.Асанбековго тапшырылсын.
2. Селден жапа чеккен суу чыкпай кала турган коркунчу бар дыйкандардын 74,4 га айдоо аянты жана 10,42 га менчик огороддордун ээлерине жер жана огород салыктан бошотуу жагы тийиштүү органдардан суралсын. ( Тизме тиркелет )
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Т.Абыкеевге жүктөлсүн
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |