Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IX сессиясы
2013-жылдын 26-декабры № 9/42
Энеликти жана балалыкты коргоо, үй-бүлөөнү медициналык жактан тейлөө, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү боюнча ҮДТнун иши тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөгү” Мыйзамын турмушка ашыруу калктын ден-соолугун чыңдоо боюнча иш алып баруу, Жергиликтүү бийлик менен медициналык кызматкерлердин кесиптик уюштуруучулук деңгээлин көтөрүү максатында Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалдык маселелер, электр энергия, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Айталиев Бактыбектин маалыматын жана ҮДТнун башчысы М.Жансеркеевдин маалыматы эске алынсын.
2. 2014-жылдын жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында профилактикалык иштерди дайыма жүргүзүп туруу. Калкты медициналык жактан сапаттуу тейлөө жакшыртуу боюнча аракеттерди көрүү. ҮДТун кадрлар менен камсыз кылып туруу жагы ҮДБнун башчысы М.Жумаевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы №3 ҮДТнун башчысы М.Жансеркеевге жүктөлсүн.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |