Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IX сессиясы
2013-жылдын 26-декабры № 9/43
Жергиликтүү салыктардын чогулушу, жылдык пландын аткарылышы боюнча салык инспектордун отчету
Жергиликтүү кеңештин чечими менен киргизилген жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй аткарылган. Баардык салыктардын түрлөрү боюнча 2013-жылга план 468,0 миң сом аткарылганы 502,9 миң сомго же 107% аткарылды. Жогорудагыларды белгилеп жана талкуулап депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жыл ичинде айыл аймагында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда салык инспектору Н.Узбекова тарабынан жетиштүү деңгээлде иш алып баргандыгы белгиленсин. (Маалымат тиркелет).
2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда план тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу жагы ФЭБнүн башчысы С.Капаровго тапшырылсын.
3. Салык чогултууда салык инспекторуна көмөк көрсөтүү чогултула турган каражатты аппараттын кызматкерлерине бекитип жеринде биргелешип иш жүргүзүүсүнө салык төлөөчүлөр менен такай байланышта болуп системалуу иш жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысы Т.Абыкеевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзмөлгө алуу жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын өкмөт башчысы Т. Абыкеевге милдеттендирилсин.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |