Редакцияот 06.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин I чакырылышынын XXXVI сессиясы

 

2015-жылдын 6-апрели № 36/2

 Жайыт комитетинин төрагасы Э.Зайляповдун кайрылуусу жөнүндө

Кадамжай шаардык кенеши Кадамжай шаардык Жайыт комитетинин кайрылуусун жана шаардык кенештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун эске алып Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын”31-беренесинин 17-пунктунун  негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кадамжай шаарынын аймагындагы “Пахалы” жана “Сары-талаа” участкаларындагы эгин жана жайыт жерлерине тушкон малдардын ээлерине Кадамжай шаардык Жайыт комитетинин Уставынын негизинде чаара колдонуу жагы Э.Зайляповко тапшырылсын.

2. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы шаардык кенештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.

 

Кадамжай шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Бегалиев