Редакцияот 23.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылыш кезектеги VII сессия

 

2013 жылдын 23 майы №6

Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатты көзөмөлдөө жөнүндө

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарылышын контролдоо максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине таянып, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык депутаттардын шаардык кеңешинин кезектеги VII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин чыгымдарын көзөмөлдөө максатында мэриянын алдында көзөмөлдөө комиссиясы түзүлсүн.

2. Комиссиянын курамына шаардык кеңештин депутаттарынан (макулдугу менен) катышуусу белгиленсин

3. Комиссияны курамын түзүү шаардын мэрине (М. Арапбаев) жүктөлсүн жана аткарылган иштер боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү түзүлгөн комиссияга милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом расмий түрдө жарыялангандан тартып өз күчүнө кирет.

 

Төрага

М.Тагаев