Загрузка документа…
ЖАЛАЛ АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 23 майы №7
Шаардык кеңештин 19.04.2013-ж. №5-токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңешине Жалал-Абад шаарынын мэриясынан келип түшкөн катыны шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусун эске алып, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VII-сессиясы»
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык кеңештин 19.04.2013-ж. № 5 токтомунун негизинде шаардык архитектурага каралган 600,0 миң сом акча каражатын шаардык мэрия аркылуу каржылоого уруксат берилсин.
2. Шаардык кеңештин 19.04.2013-ж. № 5 токтомунун 2-тиркемесинин 10-катарында кеткен коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин чыгымдары жана 2а-тиркемесинин 3-катарында кеткен Санитардык тазалыкты сактоочу автобазанын чыгымдары техникалык ката менен кеткендигине байланыштуу оңдоп өзгөртүү шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Студентер поликлинникасынын ремонтуна 24,0 миң сом акча каражатын Тайгараев территориалдык башкармалыгында Төш-Кутчу айылындагы спортзалды оңдоого каралган каражаттын эсебинен муниципалдык менчикти башкаруу комитети аркылуу бөлүп берүү жагы каралсын.
4. Бишкек шаарына «Айыл Агро-2013» көргөзмөсүнө баруучу топтун сапар чыгымдарын мэриянын резервдик фондунан төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом расмий түрдө жарыялангандан тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | М.Тагаев |