Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-июну № 31/110
Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Матосмонов Жамалидинге
“Кызыл-Кыя шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, Кызыл-Кыя шаарынын кварталдык комитеттеринин төрагаларынын 2014-жылдын 1-декабрындагы кайрылуу катын, шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, шаар тургуну Матосмонов Жамалидиндин көп жылдардан бери шаардын №19 кварталынын кварталдык комитетинин төрагасы жана шаар элине сиңген үзүрлүү эмгегин баалап, Кызыл-Кыя шаарынын Уставынын 21-бөлүмүнүн 116-жана 117-беренелерине негиз, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Матосмонов Жамалидинге “Кызыл-Кыя шаарынын ардактуу жараны” наамы ыйгарылсын.
2. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Матосмонов Жамалидинге “Кызыл-Кыя шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча күбөлүктү жана куттуктоо катын тапшыруу Кызыл-Кыя шаарынын мэри А. Халмурзаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |