Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-июну № 31/112
Кызыл-Кыя шаардык кеңештин депутаттарынын сапардамалык чыгымдары жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты, туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Султановдун 2015-жылдын 26-майында шаардык кеңешке кириш болуп катталган “Шаардык кеңештин депутаттары тажрыйба алмашуу жана республикалык, облустук деңгээлде өткөрүлүүчү ар түрдүү иш чараларга жөнөтүүгө байланышкан сапардамалык чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен каржылоо маселесин карап, ал каражаттарды бюджетке киргизүү жөнүндө” кайрылуу катын канааттандыруу максатында Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын тажрыйба алмашуу жана республикалык, облустук деңгээлде өткөрүлүүчү ар түрдүү иш-чараларга жөнөтүүгө байланышкан сапардамалык чыгымдар жергиликтүү бюджеттен каржылансын.
2. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын тажрыйба алмашуу жана республикалык, облустук деңгээлде өткөрүлүүчү ар түрдүү иш-чараларга сарпталуучу сапардамалык чыгымдарга акча каражатын табуу жагы Кызыл-Кыя шаардык финансы бөлүмүнүн башчысына (И. Жолдошовго) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |