Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-июну № 31/113
Кызыл-Кыя шаарынын 6 айлык жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2015-жылга шаардык бюджети жөнүндөгү маселе шаардык кенештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын 2015-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылышына төмөнкү бюджеттик мекемелердин чыгаша статьяларына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2. Кызыл-Кыя шаардык бюджетинин экономикалык бөлүкчөсүнүн II кварталынан 3111 “Активдер жана милдеттемелер” статьясынан 63,8 миң сомго кыскартылып, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн 3112 “Активдер жана милдеттемелер” статьясына 63,8 миң сомго 2-3-этаждарына камера коюу үчүн көбөйтүлүп берилсин.
3. Кызыл-Кыя шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн аппаратынын II кварталынан 2111 “Эмгек акы” статьясынан 45,0 миң сомго 2121 “Соцфондго чегерүү” статьясынан 7,5 миң сомго, 2221 “Сапардама” статьясынан 8,0 миң сомго, 22152100 “Коммуналдык чыгымдар” статьясынан 15,0 миң сомго, 22154900 “Башка чыгымдар” статьясынан 4,0 миң сомго, 2221 “Учурдагы оңдоо” статьясынан 15,5 миң сомго, 2223 “Сууга төлөмдөр” статьясынан 15,0 миң сомго 2232 “Электр-энергия” чыгымдар статьясынан 20,0 миң сомго кыскартылып, дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн спорттук иш-чарасынын 22154900 “Башка чыгымдар” статьясына 130,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
4. Кызыл–Кыя шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн спорттук иш-чарасынын III кварталынан 22154900 “Башка чыгымдар” статьясынан 130,0 миң сомго кыскартылып, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн аппаратынын 2111 “Эмгек акы” статьясына 45,0 миң сомго 2121 “Соцфондго чегерүү” статьясына 7,5 миң сомго, 2221 “Сапардама” статьясына 8,0 миң сомго, 22152100 “Коммуналдык чыгымдар” статьясына 15,0 миң сомго, 22154900 “Башка чыгымдар” статьясына 4,0 миң сомго, 2221 “Учурдагы ондоо” статьясына 15,5 миң сомго, 2223 “Сууга төлөмдөр” статьясына 15,0 миң сомго 2232 “Электр–энергия” чыгымдар статьясына 20,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
5. Кызыл-Кыя шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын II кварталынын 2211 “Учурдагы оңдоо” статьясынан 20,0 миң сомго, 22221100 “Эмеректерди сатып алуу” статьясынан 30,0 миң сомго кыскартылып, 27213100 “Жеңилдиктер” статьясына 50,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
6. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын II кварталынын 2212 “Байланыш кызматына акы төлөөлөр” статьясынан 10,0 миң сомго жана 2221 “Учурдагы ондоо” статьясынан 15,0 миң сомго кыскартылып, 2215 “Башка чыгымдар” статьясына 25,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
7. Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн II кварталынын 22221100 “Эмеректерди сатып алуу” статьясынан 140,0 миң сомго кыскартылып, 3112 “Активдер жана милдеттемелер” статьясына 140,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
8. Бюджеттик мекемелерге 1С программасын орноштурууга келишимдин негизинде акча каражаты Кызыл-Кыя шаарынын 2015-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин 704.“Экономикалык бөлүкчөнүн” кыскартылып берилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |