Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2015-жылдын 10-июну № 14/3
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Кочкор веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүң башчысы Ж. С. Сабыржановко жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыракунов |