Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-февралы № 4
«Ак-Талаа районуна көп жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилип кеткен Арпа өрөөнүндөгү« Үч-Булак», «Кызыл-Булак» участкаларын кайрадан Казыбек айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аймагына өткөрүп алуу жөнүндөгү» Казыбек айыл жамаатынын 2013-жылы 18-февралдагы жалпы чогулушунун токтому жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абылгазиев «Ак-Талаа районуна көп жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилип кеткен Арпа өрөөнүндөгү « Үч-Булак», «Кызыл-Булак» участкаларын акыркы он жылдан бери Ак-Талаа районунун малчылары келбегендиктен жана пайдаланышбагандыктан кайрадан Казыбек айыл өкмөтүнүн — жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аймагына өткөрүп алуу жөнүндөгү» Казыбек айыл жамаатынын 2013-жылы 18-февралдагы жалпы чогулушунун токтомунун негизинде , айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ак-Талаа районуна көп жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилип кеткен Арпа өрөөнүндөгү « Үч-Булак», «Кызыл-Булак» участкаларын акыркы он жылдан бери Ак-Талаа районунун малчылары келбегендиктен жана пайдаланышбагандыктан - кайрадан Казыбек айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аймагына өткөрүп алуу жөнүндөгү» Казыбек айыл жамаатынын 2013-жылы 18- февралдагы жалпы чогулушунун токтому жактырылсын.
2. Арпа өрөөнүндөгүу« Үч-Булак», «Кызыл-Булак» участкаларын Казыбек айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аймагына өткөрүп алуу багытында ишти уюштуруу үчүн төмөндөгүдөй составда жумушчу комиссисы түзүлсүн: 1) Сааматов Кадыр
2) Абдыразаков Дүйшонбек
3) Үсөналиев Дүйшө
4) Абасов Курманалы
5) Садыков Сулайман
6) Арунов Кыдырмыш
7) Мамбетмусаев Азис
3. Комиссия Арпа өрөөнүндөгү « Үч-Булак», «Кызыл-Булак» участкаларын
Казыбек айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аймагына өткөрүп алуу багытында ишти уюштуруп, документтерди топтоп, айылдык кеңештин кезектеги сессиясына сунуш кылсын.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |