Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын I сессиясы
2013-жылдын 5-апрели № 12
Казыбек айыл өкмөтүнүн фермерлер кошуун жамаатынын
ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн фермерлер кошуунун төрагасы Жусубалиев Темирбек төмөнкүлөрдү билдирди: 2009-жылы айылдык кеңештин чечими менен укуктук башкаруу формасы «жамаат» болуп Устав бекитилип, күбөлүк берилип кошуун фермери түзүлгөн. 2009- жылдан 2012-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Коомчулукту инвестициялоо жана өнүктүрүү агентствосунун (АРИС) «Айыл чарбасын инвестициялоо жана кызмат көрсөтүү» долбоорунун алкагында айыл элине дыйканчылык жана мал чарбачылык тармагы боюнча консультациялык окууларды өтүүгө гранттык акча каражаттары берилген. Бул акча каражаттары Нарын Айылдык кеңеш берүү кызматына окутуу үчүн төлөнүп берилген.
Райондогу тиешелүү мекемелер (социалдык фонд, салык инспекциясы, стат комитет) менен толук эсептешүү жүргүзүлдү.
Учурда АРИС тарабынан гранттык акча каражаттары берилбей калды, өз алдынча-иш алып кетүүгө мүмкүнчүлүк жок.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл өкметунун кошуун фермеринин ишмердүүлүгү токтотулсун.
2. Казыбек айыл өкмөтүнүн кошуун фермеринин уставы, мөөрү, күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |