Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын III сессиясы
2013-жылдын 5-апрели № 14
Айыл өкмөтүнүн СООППВ «Орто-Келтебик» ичүүчү
суусунун 2012-2013-жылдар боюнча тарифти бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн СООППВ «Орто-Келтебик» ичүүчү суусунун 2012—2013-жылдар боюнча бирикмесинин жетекчиси Т.Абдыгазиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн СООППВ «Орто-Келтебик» ичүүчү суусунун 2012-2013-жылдар боюнча тариф төмөндөгүдөй бекитилсин:
Жарандарга ичүүчү суу үчүн , 1(бир) жанга — 10 сом ,
үйүнө суу киргизуу үчүн — 3000 сом,
үйүнө суу киргизгенден кийин ар бир жанга — 20 сом ,
Мектеп , бала бакча , УДТ , мечиттер ичүүчү сууга жылына айыл өкмөтү аркылуу бюджеттен 10000 сом бөлүнүп берилсин.
2. Ар бир үй-бүлө үйүнө суу киргизүү үчүн айыл өкмөтүнүн «Орто —Келтебик » СООППВ нын жетекчиси Т. Абдыгазиев менен келишим түзүлсүн жана сууга болгон төлөмдөрүн , өз убагында төлөнүүсүнө көзөмөл кылып турсун .
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |