Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын V сессиясы
2013-жылдын 26-сентябры № 7
Казыбек айылынын административдик аймагында жер салыгын жана
1,2,3,4 тайпадагы мүлк салыгынын обьектилерин киргизүү,
зоналдык коэффиценттин кабыл алуу жөнүндөгү
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү» №231 мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун негизинде Казыбек айылынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинде» көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактап калуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында депутаттардын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан баштап Казыбек айылынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин:
-айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы, калк конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытына арналбаган жерлерди пайдаландык үчүн жер салыгы;
-1, 2, 3, 4- тайпадагы мүлк обүектилеринин мүлк салыгы;
2. Кз-зоналдык коэффиценти 1,0 өлчөмдү бекитилсин.
3. Салыктык эсептер Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинин» негизинде
жүргүзүлсүн.
4. Бул токтом каттого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом 2014-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |