Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23 майы №11
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине караштуу Өкмөттүк Резиденцияны муниципалдык менчике баланска өткөрүп алуу жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңешине Жалал-Абад шаарынын мэриясынан алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинен келип түшкөн каты шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясында каралып чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (К. Алдосов) Өкмөттүк Резиденцияны Кыргыз Республикаснын мыйзамдарына ылайык муниципалдык менчике баланска өткөрүп алуу жагы милдеттендирилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысынын м.а. Б. Беркбаевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М. Тагаев |