Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-марты № 17/6
Жумакадыр уулу Эркинбек жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жумакадыр уулу Эркинбектин үстүнөн жазылган арыз даттанууну жана Кочкор айыл окмотуно караштуу Большевик айылынын жашоочуларынын Жумакадыр уулу Эркинбекти ээлеген кызмат ордунан четтетуу тууралу элдик чогулушунун протоколун Депутаттардын Кочкор айылдык Кенешинин сессиясында карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясына ылайык депутаттардын Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жумакадыр уулу Эркинбектин үстүнөн айылдык Кенештин депутаттары А.Чолпонкадыров, А.Идирисовдор тарабынан жазылган арыз жана Большевик айылынын жашоочулары тарабынан элдик жыйында талкууланып кабыл алынган токтомго ылайык Жумакадыр уулу Эркинбекти ээлеген кызматынан бошотуу жонундогу маселени мыйзамдарга ылайык кылдат териштирип, жыйынтыгын чыгарып беруу жагы Кочкор районунун прокурору Нуруллаев Кубанычбек Абасбековичтен суралсын.
2. Айылдык Кенештин депутаттарынын арызында корсотулгон Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраилов тарабынан мыйзам бузуулар менен орун басарлыкка кабыл алынган Жумакадыр уулу Эркинбек жонундогу факты боюнча териштирип, жыйынтыгын чыгарып беруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Аалы Карашевден суралсын.
Кочкор айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Аситов |