Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-марты № 17/8
Большевик айылын “Исакеев” айылы деп өзгөртүү жөнүндө
Депутаттардын Кочкор айылдык Кенешинин сессиясында Большевик айылын Баялы Исакеев айылы деп өзгөртүп берүү жөнүндө Большевик айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун 2015-жылдагы протоколунун токтомун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясына ылайык депутаттардын Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагындагы Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынын атын озгортуп Б.Исакеев айылы деп атоого тиешелүү документтерди беруу жагы депутаттардын райондук кошмо жыйынына, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына жана Нарын облустук ыйгарым укуктуу окулчулукко сунушталсын.
2. Кочкор айыл аймагындагы Кочкор айыл окмотуно караштуу Большевик айылынын атын озгортуп Баялы Исакеев айылы деп атап беруу жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинен суралсын.
Кочкор айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Аситов |