Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-майы № 18/3
Кочкор айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартындагы №108 буйругу жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартындагы № 108-буйругу менен Кочкор «Сууканал» ишканасынын балансасындагы 1990 - жылы өндүрүштөн чыгарылган «Фолькцваген-3» маркасындагы женил автоунааны жеке менчикке сатууга уруксат берилген Кочкор айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартындагы № 108- буйругун карап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор «Сууканал» ишканасынын балансасындагы 1990-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Фолькцваген-3» маркасындагы женил автоунааны жеке менчикке сатууга уруксат берген Кочкор айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартындагы № 108- буйругу бекитилсин.
2. «Фолькцваген-3» маркасындагы женил автоунааны ишкананын балансасынан чыгаруу ишкананын администрациясына тапшырылсын.
Кочкор айлыдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Аситов |