КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVII сессиясы
2015-жылдын 21-майы № 18/2
Кочкор «Сууканал» ишканасы жөнүндө
Кочкор «Сууканал» ишканасынын эмгек жамаатынын кайрылуусун карап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор «Сууканал» ишканасы мамлекеттик каттоодон өтүп, күбөлүк алгандыгына байланыштуу Кочкор райондук «Таза Суу» муниципалдык ишканасы болуп өзгөрүлүп түзүлсүн.
2. Кочкор райондук « Таза Суу» муниципалдык ишканасынын башкаруу органы болуп Кочкор айыл өкмөтү эсептелинсин.
3. Кочкор райондук «Таза Суу» ишканасынын балансасында турган кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкү Кочкор айыл өкмөтүнүн менчиги болуп эсептелинсин.
Кочкор айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Аситов |