Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-майы № 18/4
Ибраев Назарбекке Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Ибраев Назарбек Кочкор районунда эмгеги сиңген ишкер. 1969-жылдан баштап 1995-жылга чейин СССРдин Кочкор районунун Мамлекеттик банкынын башчысы болуп эмгектенген. 1966-жылы КПССтин мүчөсү болгон, бир нече жолу СССРдин грамотасын жана Кыргыз ССРдин грамотасын алган. 1977-жылы «Мамлекеттик банктын отличниги» значогун алган. «Ленин 100-жылдыгынын» медалынын ээси.
Ибраев Назарбекке Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө айылдык Кеңешинин депутаты М.З.Астрахановдун сунушун карап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айылынын жашоочусу пенсионер Ибраев Назарбекке Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Тиешелүү күбөлүк берүү Кочкор айылдык Кеңешинин төрагасы А.Т.Аситовго жана турак-жайына такта жасатып илдирүү үй бүлөсүнө милдеттендирилсин.
Кочкор айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Аситов |