Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 21-майы № 18/5
Убалиева Сыйнага Кочкор айылынын
«Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Убалиева Сыйна 1980-1994-жылдары Чолпон айылдык советинин депутаты, 1982-жылы «Эл агартуунун отличниги»,1980-1985-жылдары «Социалдык мелдештин жеңүүчүсү» деген значок менен сыйланган.1985-жылы Чолпон айылындагы интернатта директор болуп турган кезинде Бүткүл Союздук интернаттардын кароо-сынагында 1- орунду ээлеген. 1993-жылы райондук аттестациялоо кеңешинин чечими менен «Жогорку категориядагы мугалим» наамын берген. Грузия Республикасынын Батуми шаарына путевка жолдонгон.
Сессияга сунушталган тиешелүү документтерин карап,талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылынын жашоочусу пенсионер Убалиева Сыйнага Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2.Тиешелүү күбүлөк берүү Кочкор айылдык Кеңешинин төрагасы А.Т.Аситовго жана турак-жайына такта жасатып илдирүү үй бүлөсүнө милдеттендирилсин.
Кочкор айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Аситов |