Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-майы № 18/6
Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси сунуш кылган жайыт комитетинин 2015-жылга бюджетин жана малга алынуучу жайыт акыларын карап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛА:
1. Кочкор айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2015-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү 500000 (беш жүз миң) сом, чыгашалар бөлүгү 500000 (беш жүз миң)сом суммасында бекитилсин.
2. Жалпы ички жайыттар жана Кара-Кужур, Сары-Булак өрөөнүндөгү жайыттар жай мезгилине (Июль айынан баштап октябрь айына чейин эс алдыруу үчүн тыныгууга калтырылсын.
Жайыт комитетинин 2015-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү төмөндөгүчө бекитилсин.
Кой-эчки - 21711*12=260532 сом
Жылкылар жалпы 1737 баш
Чон 700*600 = 42000 сом
Тайлар- 1037*42 = 43554 сом
Ири муйуздуу мал- 2801 баш
Уйлар 767*60=46020 сом
Торпок, музоо 1746*42=73332 сом
Топоз 288*120= 34560 сом
Бардыгы - 500000 сом
2.Жайыт комитетинин чыгымдар бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин.
1.Башкаруу аппараты
Эмгек акы үчүн – 184770 сом
Соц.фондго чегерүү- 21105 сом
Коммандировкалык чыгым- 10000 сом
Канц. Товар-3000 сом
Транспорт чыгымы-20000 сом
Күйүүчү май 35000 сом
Офистик эмерек сатып алууга 5000 сом
Ар кандай чыгым -2041 сом
Бардыгы – 280916 сом
2.Жайыт үчүн жер салыгы – 143760
3.Кызмат көрсөтүүдөн алынуучу салык 3%-13324
Бардыгы -157084
4.Мүчөлүк акылар:
райондук жайыт ассоцациясына-1000 сом
республикалык жайыт ассоцациясына-1000 сом
Бардыгы- 2000 сом
5.Жайыттын инфраструктурасын оңдоо ( жол, көпүрө ж.б.)—60000сом
Чыгымдар бөлүгү баардыгы -500000 сом
3.Жайыт комитетинин бюджетинин киреше бөлүгүн толук аткаруу жана чыгымдоолорду мыйзамга ылайык жүргүзүү Жайыт комитетинин төрагасы Э.Акуновго, эсепчиси К.Абдыгазиевге милдеттендирилсин.
Малчынын эмгек акысы , жайыт акысы, корука кирген мал үчүн салынуучу айыптардын өлчөмдөрүнүн тарифтери
1.Малчынын эмгек акысы:
Бир баш бодого -225 сом
Бир баш кой эчкиге - 32 сом
Эскертүү: Мал баккандар жайыт акыны өздөрү төлөп беришет алган акынын эсебинн
2.Жайыт акылары:
Алыскы жайыт үчүн :
Бир баш бодого шартуу саны 1 - 60 (алтымыш) сом
Бир баш жаш бодого шартуу саны 0,7 - 42 ( кырк эки ) сом
Бир баш кой,эчкиге шартуу саны 0,2 - 12 ( он эки ) сом
Бир баш топозго шартуу саны 2 -120 ( жүз жыйырма) cом
Жакынкы жайыт үчүн:
Бир баш бодого шартуу саны 1 - 60 (алтымыш) сом
Бир баш жаш бодого шартуу саны 0,7 - 42( кырк эки ) сом
Бир баш кой,эчкиге шартуу саны 0,2 - 12( он эки ) сом
Бир баш топозго шартуу саны 2 -120 ( жүз жыйырма)сом
Эскертүү: Башка айыл өкмөттөрдүн жашоочуларынын ( каттоосу башка айыл өкмөтүндөгү) малдарына жана малдарын толук каттатпагандарга жайыт акы 2,5 эсе төлөнөт.
Малдарын эгинге, айдоо аянтарына, чөпкө, корук болгон жайыттарга киргизип же жайлоодон эрте түшүп тартипти бузгандарга салынуучу айыптардын өлчөмдөрү:
Айыптардын өлчөмдөрү ар бир малдын башына :
Бодого биринчи жолу - 1000 ( миң ) сом
Бодого экинчи жолу - 1500 ( бир миң беш жүз ) сом
Бодого үчүнчү жолу - 2000 ( эки миң ) сом
Кой,эчкиге биринчи жолу -1 00 ( жүз) сом
Кой, эчкигеэкинчи жолу - 200 ( эки жүз ) сом
Кой, эчкиге үчүнчү жолу -300 ( үч жүз ) сом
Эскертүү: Мындан сырткары келтирилген чыгымдын орду толугу менен зыян тарткан тарапка малдын ээсинен же күнөөлү тараптан толук өндүрүлүп берилет.
Жайыт комитетинин талабын аткарбай алыскы жайыттарга көчпөсө, жайлоодон эрте түшсө жана жайыт акысы менен мурунку жылдар үчүн эсептешпей, жайыт билетин узартпай кетсе жайыт берилбейт жана 25000 сомдон 50000сомго чейинки административдик айып салынат.
Кочкор айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Аситов |