Редакцияот 21.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы

 

2015-жылдын 21-майы № 18/8

Көбөгөн-Сай жаңы конушундагы

«Барчын-Уя» бала-бакчасын каржылоого каражат бөлүү жөнүндө

 

Кочкор айыл аймагына караштуу  Көбөгөн-Сай  жаңы  конушундагы жашоочуларынын жана «Барчын-Уя» бала-бакчасынын  эмгек жамаатынын кайрылууларын карап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»  Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамынын    36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көбөгөн-Сай  жаны  конушундагы «Барчын-Уя» бала-бакчасын 2015-жылга карата каржылоо үчүн 499900 (төрт жүз токсон тогуз миң тогуз жүз) сом акча каражаты бөлүнсүн.

2. Акча каражатын сметага ылайык бөлүп  берүү жагы  Кочкор  айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Кочкор айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Аситов