Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23 майы №13
Электр энергиясын сатуу ишканасынын абоненттик бөлүмүн текшерүү үчүн комиссия түзүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттарына шаар тургундарынын кайрылууларын эске алып, электр энергиясын сатуу ишканасынын абоненттик бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан жумуштарын текшерүү максатында, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык электр энергиясын сатуу ишканасынын абоненттик бөлүмүн текшерүү үчүн шаардык кеңешинин фракцияларынан бирден депутат жана керектүү тиешелүү кызматтардын адистерин чакыруу менен жумушчу комиссия түзүлсүн.
2. Комиссиянын аткарган иштери боюнча маалыматты кароо шаардык кеңештин кийинки сессиясынын кароосуна чыгарылсын.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысынын м.а. Б.Беркбаевага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М. Тагаев |