Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-июну № 19/3
А.Аденовдун ысымын Тендик айылынын көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө
Көрүнүктүү педагог-мугалим, билим берүүнүн мыкты жетекчиси Аныке Аденов 1954-жылы педагогикалык институтту бүткөндөн кийин, райондун мектептеринде мугалим, Чолпон орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы, андан кийин директор болуп эмгектенген. Коомдук ишмердиги үчүн «Эл агартуунун отличниги» жана 1983-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамын алган.
Кочкор айылынын Э.Көмүрчиев көчөсүнүн Тендик айылына тиешелүү бөлүгүнө А.Аденовдун ысымын берүү жөнүндө чакан көчөнүн жашоочуларынын кайрылусун карап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айылынын Э.Көмүрчиев көчөсүнүн Тендик айылына тиешелүү бөлүгүнө А.Аденовдун ысымы берилсин.
2.Көчөнүн аты өзгөртүлгөнүнө байланыштууу көчөдөгү жарандардын паспортторун алмаштыруу, Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук башкармалыгында турак-жайдын даректерин алмаштырууга байланышкан чыгымдарды төлөө жана көчөдөгү турак-жайларга көчөнүн аты , турак-жайдын номери жазылган көрнөктөрдү жасатып илдирүү А.Аденовдун үй бүлөсүнө жана балдарына милдеттендирилсин.
Кочкор айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Аситов |