Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-июну № 19/4
И.Садырбаевге көчөнүн атын берүү жөнүндө
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу эки «Кызыл Жылдыз» орденинин, эки «Каармандык» жана көптөгөн медалдардын татыктуу ээси Садырбаев Идиристин ысмын Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы көчөгө берүү боюнча көчөнүн жашоочуларынын кайрылусун карап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы көчөгө Садырбаев Идиристин ысымы берилсин.
2.Көчөнүн аты өзгөртүлгөнүнө байланыштууу көчөдөгү жарандардын паспортторун алмаштыруу, Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук башкармалыгында турак-жайдын даректерин алмаштырууга байланышкан чыгымдарды төлөө жана көчөдөгү турак-жайларга көчөнүн аты , турак-жайдын номери жазылган көрнөктөрдү жасатып илдирүү И.Садырбаевдин үй бүлөсүнө жана балдарына милдеттендирилсин.
Кочкор айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Аситов |