Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-июну № 19/5
Эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жумакадыр уулу Эркинбекке ишеним көрсөтпөө маселесин кароо, добуш берүүнү уюштуруу, эсептөө үчүн эсептөө комиссиясын түзүү керек. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Э.Жумакадыр уулуна ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берүүнү уюштуруп, эсептөө үчүн курамы 3 депутаттан турган комиссия төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн.
1.Жумамудинова Жылдыз Жумакуновна- №4135, №4136 ЖТИ И.Арабаев
шайлоо округунан депутат
комиссиянын төрайымы
Мүчөлөрү:
2.Астраханов Мыктыбек- №4134 шайлоо округунан депутат
3.Раимкулов Эсеналы- №4135, №4136 ЖТИ И.Арабаев
шайлоо округунан депутат
2. Добуш берүүнү жана эсептөөнү мыйзамга ылайык жүргүзүү Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
Кочкор айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Аситов |