Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 17-майы № 2
Таш-Көмүр шаарына караштуу “Теңдик” аймактык башкармалыгынын Ноокен районуна караштуу “Достук” айылдык округуна өтүү маселеси боюнча шаардык депутаттар Кеңешинин кезексиз 6-сессиясынын №3 токтомунун негизинде түзүлгөн убактылуу комиссиянын тактамасы жөнүндө
Таш-Көмүр шаарына караштуу “Теңдик” аймактык башкармалыгынын Ноокен районуна караштуу “Достук” айылдык округуна өтүү маселеси боюнча шаардык депутаттар Кеңешинин кезексиз 6-сессиясынын №3 токтомунун негизинде түзүлгөнн убактылуу комиссиянын тактамасы жөнүндө” шаардык Кеңештин алдында түзүлгөн убактылуу комиссиянын төрагасы С. Сансызбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI - чакырылышынын кезексиз 7 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаарына караштуу “Теңдик” аймактык башкармалыгынын Ноокен районуна караштуу “Достук” айылдык округуна өтүү маселеси боюнча шаардык депутаттар Кеңешинин кезексиз 6-сессиясынын №3 токтомунун негизинде түзүлгөнн убактылуу комиссиянын тактамасы жөнүндө” шаардык Кеңештин алдында түзүлгөн убактылуу комиссиянын төрагасы С.Сансызбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарына караштуу “Теңдик” аймактык башкармалыгынын аймагындагы “Кызыл-Алма”, “Чүйүт-Сай”, «Кашкулак Сай», “Кудук-Сай” жана “Теңдик” айылдарынын Ноокен районуна караштуу “Достук” айылдык округунун карамагына өтүүсүнө макулдук берилсин.
3. Тийиштүү документтерди тактап, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
4. Бул токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин жооптуу катчысы М.Сариевге жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык кеӊешинин төрагасы |
Кулдышев М.С. |