Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 20/6
Т.Жумабековго «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Жумабеков Туратка Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кочкор айылдык Кеңешинин депутаты Астраханов Мыктыбектин сунушун жана тиешелүү документтерин карап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Жумабеков Туратка Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2.Тиешелүү күбөлүк берүү Кочкор айылдык Кеңешинин төрагасы А.Т.Аситовго жана турак-жайына такта жасатып илдирүү үй бүлөсүнө милдеттендирилсин.
Кочкор айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Аситов |