Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 20/7
Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча
аймактык бөлүмүнүн аудитинин жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2015-жылдын 16 - июнундагы № 01-11/229- катынын негизинде жана Кочкор айыл өкмөтүндөгү 2013-жылдын 01-январынан 2014-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде жүргүзүлгөн пландык текшерүүнүн жыйынтыгын карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмөтүндөгү 2013-жылдын 01-январынан 2014-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде жүргүзүлгөн пландык текшерүүнүн жыйынтыгындагы актыда көрсөтүлгөн кемчиликтер калыбына келтирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Кочкор айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Аситов |