Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 20/8
«Ынтымак-Ырыс» акционердик коому жөнүндө
«Ынтымак-Ырыс» акционердик коомунун 10-март 2015-жылдагы жана 15-май 2015-жылдагы чогулушунун протоколдорун талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ынтымак-Ырыс» акционердик коому жоюлгандыгына байланыштуу кайрадан Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык « Кочкор-Тазалык» өзүн-өзү каржылоо ишканасы болуп түзүлсүн.
2. «Кочкор-Тазалык» муниципалдык ишканасынын Уставы иштелип чыгып, Нарын областтык Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлүп, мекемелерге (стат, налог, соц.фонд) тийиштүү документтери жиберилсин.
Кочкор айлыдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Аситов |