Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 20/9
Большевик айылынын Б.Исакеев
көчөсүнүн айрым жерлерине ылдамдыкты азайтуу
үчүн жасалма тоскоолдуктарды койдуруу жөнүндө
Кочкор айыл аймагына караштуу Большевик айылынын жашоочулары айылдын борбордук көчөсүндө автоунаа айдоочулар жогорку ылдамдыкта айдап жөө адамдардын жана балдардын өмүрүнө коркунуч келтирүүдө деп арыз менен кайрылышкан.Ошондуктан Б.Исакеев көчөсүнүн 5 жерине автоунаалардын ылдамдыгын азайтуу үчүн жол бетине жасалма тоскоолдуктарды койдуруп берүү боюнча Большевик айылынын жашоочуларынын өтүнүч арыздарын карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Большевик айылынын Б.Исакеев көчөсүнө ылдамдыкты азайтуу үчүн 5 жерге жасалма тоскоолдуктарды (лежачий полицейский) жасоого уруксаат берилсин.
2. Жасалма тоскоолдуктар коюлуучу жерлерге Жол кайгуул кызматынын райондук бөлүмү менен макулдашуусу айыл башчысы М.Таласовго милдеттендирилсин.
Кочкор айлыдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Аситов |