Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 20/10
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун
мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Кочкор айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Кочкор Веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго жүктөлсүн.
Кочкор айлыдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Аситов |