Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 20/11
«Кочкор айыл аймагынын элет көйгөйлөрүн биргеликте аныктоо»
процессинде 2015-жылга аныкталган артыкчылык көйгөйлөрүн
чечүү боюнча «Биргелешкен аракет планын» бекитүү жөнүндө
«Кочкор айыл аймагынын элет көйгөйлөрүн биргеликте аныктоо» процессинде 2015-жылга аныкталган артыкчылык көйгөйлөрүн чечүү боюнча «Биргелешкен аракет планын бекитүү жөнүндө» «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагынын элет көйгөйлөрүн биргеликте аныктоо убагында 2015-жылга аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча «Биргелешкен аракет планы бекитилсин»
2.Айылдык аймактын «Биргелешкен аракет планын» аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Кочкор айыл аймагынын «Биргелешкен аракет планынын» аткарылышы боюнча отчет берүү мөөнөтү 2015-жылдын декабрь
2016-жылдын декабрь
2017-жылдын декабрь айларынын биринчи жумасына белгиленсин.
Кочкор айлыдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Аситов |