Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХVIII сессиясы
2014-жылдын 28-майы № 18-2
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Капчыгай айылында жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен башталгыч мектеп жана ФАП имаратын куруу үчүн жер аянтын трансформацияга даярдоо жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Капчыгай айылы, айыл аймагынын борборунан 18 км. аралыкта жайгашкан, айылда 64 көжөлүк бар болуп 398 тургун жашайт. Мурунку Совет доорунда колхоз тарабынан курулган шарты азыркы замандын талаптарына жооп бербей турган эски үч бөлмөлүү башталгыч мектеп бар. Капчыгай айылында жашап жаткан элдерден көптөгөн арыздар келип түшүп, мектепти жаңыдан куруп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан, андан тышкары айылда 398 та калк жашагандыгы, аларды медициналык тейлоо тарабынын жакшыртуу максатында ФАП куруу зарылчылыгы келип чыгууда. Жогорудагы абалды эске алып жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өзалдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын № 2 гл.,10- беренесинин -24 бөлүмү, 3 гл. №18-беренесинин -15- бөлүмүн, 6 гл. № 47-беренесинин 6-бөлүмүнүн талаптарына таянып А.Мирмахмудов атындагы айылдык кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өзалдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын № 2 гл.,10- беренесинин -24 бөлүмү, 3 гл. №18-беренесинин -15- бөлүмүн, 6 гл. № 47-беренесинин 6-бөлүмүнүн талаптары жана Кыргыз Республиксынын мыйзамына толуктолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу 2013-жылдын 8-апрелиндеги «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которуга (трансформациялого) мораторий киргизүү жөнүндө» №48 -мыйзамынын талаптары аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Капчыгай айылында башталгыч мектеп жана ФАП имаратынын куруу үчүн Капчыгай айылында жайгашкан АЧЖМФ жерлерине караштуу №903 сугат айдоо контурунан 1,20 га. жер аянтын трансформациялоого даярдоо максатында, мыйзамда каралган жерге жайгаштырүү иш-кагаздарын даярдатуу А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго тапшырылсын. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын
3. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Мирмахмудов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Халбуваев |