Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХIX сессиясы
2014-жылдын 11-июну № 19-2
Ош-Ноокат автожолунун 2 км.-де жайгашкан типтүү жарнамалык шиттин муниципалдык менчикке киритип жерге жайгаштыруу иш-кагаздарын даярдатуу үчүн макулдук берүү жөнүндө
Ош-Ноокат автожолунун 2 км.-де жайгашкан типтүү жарнамалык шит көп жылдардан бери турат, ал жерге ар турдуу саясый партиялар эч кимден сурабастан ,өздөрүнүн жарнактарын илип алууда ,бул корунуш мыйзам талаптарына туура келбейт, ал жарнамалык шит биздин Мирмахмудов атындагы айыл аймагыбызда турат, ушул себептен ал жерге илинип жаткан ар турдуу саясый жана башка тематикадагы жарнактарды жайгаштырүү жергиликтүү башкарүү органдары менен байланышта ,мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүүсү керек. Айыл өкмөтү бул шиттин ээсин аныктоо максатында эски архивдик материалдарды үйрөнүп чыкты, райондук архивтен ушул шит боюнча 2000-2015-жылдар аралыгында токтом менен берилген болсо мыйзамдаштырылуусун карайлык деп атайын кат менен кайрылган, бирок архивтин берген каты боюнча, аталган жылдар ичинде эч кандай токтомдор таблбагандыгына байланыштуу А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы көрүп чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош-Ноокат автожолунун 2 км.-де жайгашкан жарнамалык шиттин жайгашкан 1м2 ордун мыйзамдаштырып , муниципалдык менчиктин реестрине киритилсин, жарнамалык шиттерге илинуучу жарнамаларды илүүдө жарнама берүүчү жеке саясый партиялар үчүн ижаралоо мөнөтүнүн ар бир календардык айына 10000 (он миң сом) өлчөмүндө белгиленсин. Саясый партиялар тарабынан берилген жарнамалардын мазмунуна саясый партиялардын өздөрүү жооптуу. Мамлекеттик кызыкчылыкты көздөгөн жарнамалар акысыз илинсин
2. Жарнамалык шитти муниципалдык менчигине өткөрүү үчүн керектүү иш кагаздарын даярдоонү айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевге жүктөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго тапшырылсын.
4. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Мирмахмудов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Халбуваев |