Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХIX сессиясы
2014-жылдын 11-июну № 19-4
Киров айылынын Садовод участкасынын тургуну атуул Н.Жолдошовдун, муниципалдык жер болуп эсептелген, Ноокат райондук электр тармактары ишканасынын батыш тарабында жайгашкан 0,07 га. жер тилкесин өздөштүрүүгө берүү жөнүндөгү арызын кароо жөнүндө
Киров айылынын Садовод участкасынын тургуну атуул Н.Жолдошовдун, муниципалдык жер болуп эсептелген, Ноокат райондук электр тармактары ишканасынын батыш тарабында жайгашкан 0,07 га. жер тилкесин өздөштүрүүгө берүү жөнүндөгү арыз менен кайрылган, арызда атуул Н.Жолдошов ал жердин 0,04 га. аянтын Ноокат райондук мамлекеттик амдминстрациясынын 2001-жылдын 29-январындагы №10-б токтомунун негизинде өзү жетектеген «Алтын кылыч» фирмасына автобус токтоочу аялдаманы оңдого жана трактор жана автомашина оңдочу ишкана курганы токтому бардыгын билдирген. Аталган жер аянтына талапкер болуп атуул Н.Жолдошев өткөн жылдарда арыз менен кайрылып, ушул жерге мончо куруу үчүн менчикке берүү сунушу менен кайрылган, ал жер атайын обьекттин жанында жайгашканынын эсепке алып атайын кат менен райондук электр тармактары ишканасына кортунду сурап кайрылган. Ош жогорку чыналуу элкетр тармактар ишканасы 2015-жылдын 30-апрелинде №17/200 сандуу кат менен маалымдап ал жерде курулуштун бардык түрүн курганга тыю салынарын билдирип кат жолдогон, ушул каттын негизинде А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Киров айылынын тургуну, атуул Н.Жолдошовдун арызы боюнча суралган 0,07 га жер аянты, өтө маанилүү объект болгон райондук электр тармактары ишканасы менен жанаша жайгашкандыгы, келечекте бул ишкананын электр көмөк чордондор жайгашкан бөлүмү кеңейишин эсепке алып, аталган жер аянты өздөштүрүүгө жана келечекте менчикке берүүгө мумкун эмес.
2. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго тапшырылсын.
3. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Мирмахмудов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Халбуваев |