Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХIX сессиясы
2014-жылдын 11-июну № 19-8
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Мамадиев, С.Ахунов жана
Момин коры көчөлөрүнүн асфальт төшөөгө даярдоо жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Мамадиев көчөсүнүн 1 км, С.Ахунов көчөсүнүн 1км жана Момун кары көчөсүнүн 1 км жолдоруна асфальт төшөөгө даярдоо, жолдун жээгинде өсүп жаткан жана арыктарды тарайтырып суу өткөрдүүлүгүн наачарлатып жана электр зымдарына тийип кыска туташууларды чыгарып жаткандыгына байланыштуу ак терек жана найза теректерди кесүү керектигин А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Мамадиев көчөсүнүн 1 км, С.Ахунов көчөсүнүн 1км жана Момун кары көчөсүнүн 1 км жолдору асфалттанып жаткандыгына байланыштуу жолдун жээгинде өсүп жаткан жана арыктарды тарайтырып суу өткөрдүүлүгүн наачарлатып жана электр зымдарына тийип кыска туташууларды чыгарып жаткандыгына байланыштуу ак терек жана найза теректерди кесип жок кылынсын.
2. Аты аталган көчөлөргө асфальт төшөөгө даярдоо максатында жерге жайгаштыруу жана топографиялык кырдаал планын даярдатуу жагы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго тапшырылсын.
4. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Мирмахмудов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Халбуваев |